Пробация департаментинин директорунун орун басарынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыктары
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробация департаментинин директорунун орун басарынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыктары
2020-жылдын 10-мартынан 16-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директорунун орун басары Данияр Калматов Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына иш сапары менен барды. Иш сапарынын алкагында ал Ош шаардык сотунун төрагасы К. Матисаков, Ош облустук сотунун төрагасы А. Абдылдаев, Жалал-Абад шаардык сотунун төрагасы А. Калмамат уулу жана Сузак райондук сотунун төрагасы Н. Маматалиева менен жолугушту.
Жолугушууда сот органдарынын Пробация департаменти менен өз ара аракеттенүүсү менен байланышкан маселелер талкууланды: эсепке алууну борборлоштурулган түрдө алуу жана пробациялык баяндамаларды даярдоо боюнча соттук актылардын аткарылышын контролдоо үчүн соттук актыларды жөнөтүү жөнүндө, пробациялык баяндамаларды даярдоо мөөнөттөрү жөнүндө, пробациянын кардарларынын жеке социалдык-укуктук программасы жөнүндө, оор кылмыш жасаган адамдарга карата пробациялык баяндамаларды даярдоо жөнүндө, сот актыларын пробация департаментине жиберүү жана башка маселелер жөнүндө.
Ошондой эле, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар (ЖМА) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында Ош облусунун Кара-Суу районунун жетекчиси – Т. Матраимов, Жалал-Абад облусунун Сузак районун жетекчиси – Э. Омошев, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри М. Адылбеков жана Ош шаарынын мэриясынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы – Т. Айтматова менен жолугушуулар өткөрүлгөн.
Жолугушууда Пробация боюнча кеңештердин иши менен байланышкан, пробация институтунун жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө, пробация чөйрөсүндө коюлган милдеттерди биргелешип аткаруу жана ишке ашыруу жөнүндө маселелер, ошондой эле пробация органдарынын ишине тиешелүү башка маселелер талкууланды.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү белгилегендей, түштүк региондордо бекитилген иш-планга ылайык Пробация боюнча кеңештин жыйындары квартал сайын өткөрүлүп турат.