Сузакта жашы жете электердин арасында укук бузууну жана баңги затын колдонууну алдын алуу боюнча маалыматтык-профилактикалык иш-чарасы өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Сузакта жашы жете электердин арасында укук бузууну жана баңги затын колдонууну алдын алуу боюнча маалыматтык-профилактикалык иш-чарасы өттү
2020-жылдын 20-февралында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясында “Миң жолдун туурасын танда!” урааны менен «Жашы жете электердин арасында укук бузууну жана баңги затын колдонууну алдын алуу» боюнча маалыматтык-профилактикалык иш-чарасы өттү.
Иш-чара Сузактын жана Жалал-Абадтын пробация органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда, Кыргыз Республикасындагы «Инсан мууну» коомдук фондунун «Жашы жете элек балдар учун адилетүүлүктү моделдештирүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Ага Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук пробация органдарынын каттоосунда турган 7 жашы жете элек өспүрүм катышты.
Бул иш-чара мыйзамды бузган жана пробация органдарында каттоодо турган жашы жете элек балдарга алдыга позитивдүү карап, коюлган максаттарга жетиш үчүн, өз убагында билим алып, туура жолду тандоо керектигин билдирүү максатында өткөрүлгөн.
Программанын алкагында ар түрдүү туура жолго багыт көрсөтүүчү видео-роликтер, австралиялык өзгөчө дене түзүлүшү менен төрөлгөн меценат, оратор Николас Джеймс Вуйчичтин мотивация берүүчү тасмалары коюлуп, бир нече спорттун мыкты чеберлеринен жашоодо туура жолдо жүрүү боюнча кеп-кенештер айтылды.
Белгилеп кетсек, Сузак районунда бул долбоор 2017-жылдан бери ишке ашырылып жатат жана ага мүчө болгон жаштар ар-түрдүү иш-чараларга катышып, коомго пайдалуу иш-аракеттерди аткарып жатышат.
Иш-чарага Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары – Л. Абилова, КРнын ИИБнун банги затын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү кызматынын кызматчысы милициянын подполковниги – Ч. Табалдиева, Жалал-Абад шаардык ЖЖОИнун коопсуздугун камсыздоо кызматынын жетекчисинин орун басары – А.Жусупов, Сузак райондук депутаттардын төрагасы - У. Абдыгулов жана «Инсан мууну» долбоорунун жетекчиси - Г. Бекембаева катышты.
Суроо-жооп ыкмасын колдонуп, катышуучулардын кызыктуу суроолоруна чакан белектерин ыйгаруу менен иш-чара жыйынтыкталды.