Ош шаарынын пробация органынын адистери ИИМдин алгачкы даярдоо курсунда окуп жаткан курсанттарга пробация жөнүндө лекция өткөрүштү
2020-жылдын 19-февралында Ош шаарынын пробация органдарынын адистери Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Ж. Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалында алгачкы даярдоо курсунда окуп жатышкан курсанттарга пробация мыйзамы жөнүндө лекция өткөрүштү.
Пробация департаментинин Ош, Жалал-абад жана Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыктын башкы адиси Ж. Осорова жана Ош шаары боюнча Пробация органынын башкы адиси А Айтибаева пробация органынын ишмердүүлүгү жөнүндө, пробациянын максаттары жана милдеттери, анын укуктук негизи, пробациялык баяндама деген эмне жана аны кантип түзүү керектиги, пробациялык көзөмөл кантип жүргүзүлөрү, пробациянын кардарларына социалдык көмөк кантип көрсөтүлөрү, аларды кайра социалдаштыруу жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасын кантип түзүү керектиги жөнүндө түшүнүк берип. Пробация кардардлары деген кимдер жана аларга карата колдонулган жазанын түрлөрү жөнүндө жана пробация органдары менен ички иштер органдары өз ара кантип иш аркеттенүүсү тууралуу маалымат берилди.
Лекцияга 30 курсант катышты. Окуу борборунун мугалимдери жаңыдан келген курсанттарга Пробация органдары тарабынан ушул сыяктуу иш-чараларды системалык негизинде өткөрүүнү керектиги жөнүндө айтып кетишти.