КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун жыйынтыктары
Мамлекеттик административдик кызматтын бош орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоо боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигининалдындагы Пробация департаменти тарабынан өткөрүлгөн ачык конкурстун жыйынтыгында 68 билдирме кабыл алынган. Келип түшкөн арыздардын ичинен экөө тийиштүү талаптарга жооп бербейт деп табылган.
Эскерте кетсек, ачык сынак 2019-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн конкурстан кийин бош калган 13 вакансияга 2020-жылдын 4-февралдан 17-февралга чейин жарыяланган.
2020-жылдын 1-январында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 666 токтомуна ылайык, 2018-жылдын 31-декабрынан баштап Пробация департаментинин штаты 40 бирдикке көбөйгөн. Ошого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Департаменттин жаңы түзүмү жана штаттык ырааттамасы 178 бирдик менен бекитилген.
Жаңы штаттык ырааттамага ылайык 43 административдик мамлекеттик жарандык кызмат оруну бош деп эсептелинет.
14-февралдан 20-февралга чейин Пробация департаменти ички кадрлар резервинде турган адамдардын арасында 43 бош орунга талапкерлерди тандоо боюнча конкурс өткөрдү. Аталган конкурстун жыйынтыгы боюнча 31 арыз келип түштү.
Департаменттин жаңы түзүлгөн кызматтарына карата квалификациялык талаптар иштелип чыккан жана КР Мамлекеттик кадр кызматы менен макулдашылган. Бардык талапкерлер тестирлөөдөн жана маектешүүдөн өтөт.