Токмок шаарында пробация органынын кеңсесинин оңдоодон кийин ачылышы болуп өттү
2020-жылдын 2—январында Токмок шаарынын жана Чуй районунун пробация органынын кеңсесинин оңдоодон кийин ачылыш аземи болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын сот жана укук реформасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тарабынан пробация органдарын өнүктүрүү жигердүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат.
Капиталдык ремонт иштеринин жүргүзүлүшү БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ КББ) жана БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен "Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде зомбулукка алып келген радикалдашууну алдын алуу" долбоорунун алкагында ишке ашкан. Ошону менен бирге кеңсеге жана компьютердик жабдуулар берилди.
Иш-чарага КРнын Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов, Пробация департаментинин директору Зарылбек уулу Алмазбек, Токмок шаарынын Вице-мэри Ступников Виктор, БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын программалык менеджери Артур Букалаев жана башкалар катышышты.
Имарат Токмок шаары, Ленин көчө, 389 дареги боюнча жайгашкан.