Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Кыргыз Республикасындагы Кызыл Крест өкүлчүлүгүнүн Эл аралык Комитетинин өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү
2020-жылдын 14-январында Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы пробация департаментин өнүктүрүү жаатында мындан аркы кызматташтык маселесин талкуулуу боюнча Кыргыз Республикасынын (ЭККК) Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жакшы динамикасын белгилеп, Кыргыз Республикасынын алдындагы Пробация институтун өнүктүрүүгө, мындан ары да колдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Өз кезегинде, Марат Канулькулов Кыргыз Республикасынын аймагында өз миссиясын аяктап жаткан ЭККК пенитенциардык системасынын маселелери боюнча кеңешчи Зоя Хасияны, аткарган иши үчүн ыраазычылыгын билдирип, министрликтин "Кызматташуу үчүн" медалын тапшырды.
Ошол эле учурда, ЭККК коргоо бөлүмүнүн орун басары координатору Левон Николян ушул жылы март айында өз миссиясын баштаган пенитенциардык системасынын маселелери боюнча жаңы дайындалган кеңешчиси Стив Джонсонду тааныштырды.