Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин административдик мамлекеттик жарандык бош кызмат орундарын конкурстук тандоо улантылууда
2019-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде административдик мамлекеттик жарандык бош кызмат орундарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин кезектеги талапкерлерди тандап алуу боюнча конкурсу сынак болуп өттү.
Ноябрь айында Пробация департаментине бош кызмат орундарын ээлөөгө 485 арыздар келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына тестирлөөгө 262 талапкерлер келишкен. Анын ичинен тестирлөөдөн 162 талапкерлер ийгиликтүү өтүшткөн. Бүгүнкү күндө экинчи тандап алуучу турдан 21 талапкерлер ийгиликтүү өтүшкөн.
Белгилей кетсек, Пробация департаментинде 27 административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары бош.
Маалымат үчүн: Пробация департаменти, коомдон обочолонтууга байланышпаган жазык жазаларын жана жазык-укуктук таасир, пробациялык көзөмөл этүүнүн мажбурлоо чараларын жана эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу функциялары жүктөлгөн жаңы институту болуп саналат.