Ысык-Көл облусунда пробация кардарларына көмөк көрсөтүү жана аларды кайра социалдаштыруу маселелери боюнча тегерек столдор өткөрүлдү
2019-жылдын 20-ноябрында Каракол шаарында жана 6-декабрында Нарын шаарында Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы жана "Спектр Социалдык-укуктук борбору" коомдук бирикмеси менен бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен пробациянын кардарларына көмөк көрсөтүү жана аларды кайра социалдаштыруу маселелери боюнча "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробациянын кардарларына социалдык жардам көрсөтүүдөгү ролу" темасында тегерек столдор өткөрүлдү.
Аталган тегерек столдордо пробациянын кардарларына социалдык жардам көрсөтүү жана Каракол шаарында реабилитациялык борборун түзүү боюнча жана аларды реабилитациялоо жана социалдык адаптациялоо маселелери талкуланды.
Ошону менен бирге, аталган тегерек столдо 2020-жылдын биринчи кварталында реабилитациялык борбор үчүн имарат бөлүү маселесин ошондой эле пробациянын кардарларына социалдык жардам көрсөтүү боюнча каржылоо маселелери иштеп чыгууну кабыл алышты.