Пробация департаментиндеги бош кызмат орундарын ээлөөгө 485 арыз келип түштү
2019-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан 49 административдик мамлекеттик жарандык бош кызмат орундарын, анын ичинде башкы административдик беш кызмат орунун ээлөөгө конкурс жарыяланган. Бардыгы болуп сынакка катышуучулардан 485, анын ичинде башкы административдик кызмат орундарына 80 арыз берилген.
Тийиштүү процедурага ылайык, бош кызмат орундарга талапкерлер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Тестирлөө борборунда тестирлөөдөн өтөт. Андан ийгиликтүү өткөн талапкерлер конкурстун кийинки этабы эссе жазууга жана аңгемелешүүгө өтөт.