Кыргыз Республикасынын Пробация департаменти
RU / KG
МЕНЮ
  • Башкы
  • Пробация
    • Пробациянын түрлөрү
    • Балдарга карата пробация
    • Пробациянын кардарларынын категориясы
    • Эл аралык стандарттар
    • Дүйнөдөгү пробация
  • Департамент
    • Аналитикалык документтер
    • Ченемдик документтер
    • Пробация департаментинин түзүү тарыхы
    • Департаменттин түзүмү
    • Пробация департаментинин символикасы
    • Пробация департаментинин комиссиялары
    • Пробация боюнча кеңештер
    • Биздин өнөктөштөр
    • Пробациянын ыктыярчылары
  • Кардарлар үчүн
    • Пробациянын кардары деген ким?
    • Укуктар жана милдеттер
    • Жардам борборлору
    • Кайра социалдаштыруу долбоорлор жана программалары
    • Сиздин укуктарыңыз бузулдубу?
  • Окуялар
    • Жаңылыктар
    • Коомдук иштер
    • ЖМК пробация жөнүндө
    • Пробация боюнча кеңеш
    • Фотогалерея
    • Видеоматериалдар
    • Басма сөз кызматы менен байланышуу
  • Байланыш
    • Пробация органдарынын даректери
    • Пробация департаментинин Борбордук аппараты
    • Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ош, Баткен облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймак аралык башкармалыгы
    • Пробация департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалык

Пробациянын кызматкерлери пробация институтун өнүктүрүү тажрыйбасын өздөштүрүүдө

Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Пробациянын кызматкерлери пробация институтун өнүктүрүү тажрыйбасын өздөштүрүүдө

Пробациянын кызматкерлери пробация институтун өнүктүрүү тажрыйбасын өздөштүрүүдө

2019-жылдын 28-октябрынан 31-октябрына чейин Казакстан Республикасынын Алмата шаарында Түрмөгө кесилгендерди азайтуу жана пробация кызматын өнүктүрүү Борбордук Азиялык II Диалогу (мындан ары - БАД-2019) өтүүдө. 

Иш-чарага Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан келген пенитенциардык тутумдун, пробация кызматынын, сот системасынын, Акыйкатчынын Аппаратынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып жатышат.

Германия, Грузия, Улуу Британия жана Польшадан келген эл аралык эксперттер чоң коркунуч келтирбеген кылмыш үчүн эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза чарасын колдонбой, башка альтернативдүү чараларды колдонуу боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.

Кыргызстандын делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Аппаратынын өкүлдөрү, соттордун, Акыйкатчынын Аппаратынын жана айрым коомдук фонддордун өкүлдөрү бар.

Юстиция министрлигинин Пробация департаменти тарабынан эсеп жана мониторинг башкармалыгынын начальниги – Руслан Романов жана Пробация органынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймак аралык башкармалыгынын башкы адиси – Толубай Джакишев катышууда.

Маалымдама:

2019-жылдын 1-сентябрдан баштап Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (КР ЮМ) алдындагы пробация департаменти иштей баштады. Азыркы учурда КР ЮМга караштуу пробация департаментинин эсебинде 5354 кардар бар, алардын ичинен, 1997 – ж. редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык пробациянын кардарлары - 3 470 адам, ал эми 2017-ж. редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык - 1576 адам.

«Жоруктар жөнүндө» кодекс боюнча пробациянын 97 кардарлары бар.

Кыргыз Республикасынын «Пробация жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесение ылайык, пробациянын кардарлары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) соттун өкүмү менен коомдон обочолонтпостон жаза жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларынын түрлөрү белгиленген адамдар (коомдук иштер, белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, түзөтүү иштери, эркиндигин чектөө, жашы жете электерге карата тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чаралары жана эскертүү менен жүрүм-турумун чектөө, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазык жазасынан бошотуу).

2) эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар жана көзөмөлдө тургандар;

3) бир жылдын ичинде жаза өтөө боюнча түзөтүү мекемелеринен бошотууга тийиш болгондор.

Пробациянын кардарлары болуп ошондой эле аларга карата социалдык изилдөө жүзөгө ашырылган адамдар да саналат (аларга карата сот тарабынан пробациялык баяндаманы даярдоо белгиленген айыпталуучулар, эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулууга тийиш болгон соттолгондор).


Ыктыярчылар

Жардам бергиңиз келеби?

Акыркы жаңылыктар

  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор
    «Кыргызстандагы пробация боюнча кеңештер: мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана пробация ор...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти Балдарды коргоонун эл...
  • Пробация в Кыргызстане - «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын
    «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментине жаңы директор дайын...
  • Пробация в Кыргызстане - «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.
    «Пробацияны колдонууга байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшү» темасында тренинг болуп өттү.

Категории

  • Пробации
  • О департаменте
  • Кардарлар үчүн
  • Международная практика
  • События

Кыргызстандагы пробация

Пробация - инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын оңдоого, укук бузуулардын алдын алууга, социалдык жардам көрсөтүүгө жана аларды кайра жандандыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган мамлекеттин социалдык-укуктук мекемеси.


Сайттын бөлүктөрү

  • Пробация жөнүндө
  • Департамент жөнүндө
  • Кардарлар үчүн
  • Эл аралык тажрыйба
  • Биздин өнөктөштөр
  • Жаңылыктар

Ченемдик укуктук актылар

  • КР Конституциясы
  • КР "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
  • КР Жазык Кодекси
  • КР Жазык-процесстик Кодекси
  • Жазык-аткаруу Кодекси
  • Бузуулар жөнүндө Кодекси

Негизги байланыш

Кыргызстан, Бишкек ш.,
Ч. Айтматова көч, 1,

Тел: +996 (312) 315950,
Email: info@probation.gov.kg,

Кабыл алуу сааты: Дш-Жм, 09:00-18:00

© 2025 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти

Веб-сайт Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин колдоосу менен иштелип чыккан

Ошибка в тексте? Выделите ее мышкой и
нажмите CTRL + ENTER