Ленин жана Биринчи Май райондорунун пробация органдарынын кеңсесинин капиталдык ремонттон кийин ачылыш аземи болуп өттү
Башкы / Окуялар / Жаңылыктар / Ленин жана Биринчи Май райондорунун пробация органдарынын кеңсесинин капиталдык ремонттон кийин ачылыш аземи болуп өттү
2019-жылдын 8-октябрында, Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи Май райондорунун пробация органдарынын кеңсесинин капиталдык ремонттон кийинки салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул кеңсе Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүнүн №7 дареги боюнча жайгашып, ал жерде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги алдындагы Пробация департаментинин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча Региондор аралык башкармалыгы да ишмердүүлүк жүргүзөт.
Капиталдык ремонт иштеринин жүргүзүлүшү, компьютердик жана керектүү кеңсе жабдуулар менен камсыздалышы БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ КББ) жана БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен "Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде зомбулукка алып келген радикалдашууну алдын алуу" долбоорунун алкагында ишке ашты.
Иш-чарага КРнын Юстиция министри Марат Джаманкулов, БУУ КББнын программалык Кеӊсесинин Эл аралык программалык менеджери Кун Маркверинг, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана пенитенциардык тутумдун маселелери боюнча эксперттер катышты.
Жаңыланган кеңседе пробациянын ар бир кызматкери үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралган, ошондой эле пробациянын кардарлары менен иштөө үчүн атайын бөлмөлөр да бар.
Марат Джаманкулов БУУ КББнын жана БУУӨПтүн өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, коомдон бөлбөстөн жазаларды аткаруу функцияларын жарандык ведомствого өткөрүп берүү жана соттолгондорду кайра социалдаштырууда жаңы ыкмаларды колдонууну киргизүү өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын маанилүү баскычтарынын бири экендигин белгиледи.
Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү пробация институтун өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары бул багытта кызматташууга даярдыгын билдиришти.