Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы менен пробация институтун өнүктүрүү маселесин талкуулады
2019-жылдын 30-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов Элчи жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда сот адилеттигин гумандаштырууга жана пробация институтун өнүктүрүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.
Элчи Пьер фон Аркс пробация органынын милитаризацияланган органдан Юстиция министрлигине өткөрүп берүү бул системанын мүмкүнчүлүгүн жогорулатарын белгилеп, мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу менен байланышкан долбоорлордун ишке ашырылып жаткандыгы жөнүндө маалымдады.
Өз кезегинде Марат Канулькулов ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеӊсесине Кыргызстандын укуктук системасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорун ишке ашыруудагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, КРнын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин учурдагы алып барып жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана өлкөдө пробация институтун өнүктүрүү боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.