Пробация департаментинин жана "Инсан мууну" коомдук фондунун өкүлдөрү ювеналдык пробацияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты
2019-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин кызматкерлери менен "Инсан мууну" коомдук фондунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Бишкек шаарынын, Сокулук жана Аламүдүн райондорунун пробация органдарынын социалдык кызматкерлери жана психологдору фонддун өкүлдөрү менен мыйзам бузган жашы жете элек балдар менен иштөө механизмдерин талкуулашты.
Чакырылган эксперт-психолог Перизат Асылбаева мүнөзү оор өспүрүмдөргө гана эмес, алардын ата-энесине да көргөзүлүүчү, чет өлкөлүк тажрыйбага негизделген, бир нече этап камтыган психологиялык жана социалдык жардамдын жаңы методдору тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашуу жана өспүрүмдөр үчүн реабилитациялык программаны биргелешип иштеп чыгуу боюнча мындан аркы пландарды белгилешти.