Зарылбек уулу Алмазбек Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин директору болуп дайындалды
Зарылбек уулу Алмазбек Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Жаңы дайындалган директор - Зарылбек уулу Алмазбекти Пробация департаментинин жамаатына Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Марат Джаманкулов тааныштырды.
Белгилеп кетсек, 2019-жылдын 1-сентябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин тутумунда Пробация департаменти иштеп баштады.
Маалымдама: Зарылбек уулу Алмазбек 1975-жылдын 16-июлунда Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган. Билими жогорку юридикалык. Буга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында, Кыргыз Республкасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде, ошондой эле Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында кызмат ѳтѳп келген.