2019-жылдын 1-сентябрынан тартып Юстиция министрлигинин алдында Пробация департаменти иштеп баштайт
2019-жылдын 1-сентябрынан тартыпКыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдында Пробация департаменти иштеп баштайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Бул чечимге ылайык, коомдон бөлбөстөн жазаларды аткаруу, жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын, пробациялык көзөмөлдү жана түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарды контролдоону жүзөгө ашыруу функциялары 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып жаңы түзүлгөн Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти тарабынан аткарылып баштайт. Аталган функциялар 2019-жылдын 1-январынан тартып КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазык-аткаруу инспекцияларына жүктөлгөн эле.
Бул токтом үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда КРнын Президенти С.Ш. Жээнбековдун катышуусунда өткөрүлгөн өлкөдөгү сот-укуктук реформа маселелери боюнча кеңешменин жыйынтыгын эске алуу менен кабыл алынган. Ал кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө пробация органын өнүктүрүү максатында бул чөйрөдө Юстиция министрлигин ыйгарым укуктуу орган катары аныктоо жана 2019-жылдын 1-сентябрына карата ЖАМКнын карамагынан жазык-аткаруу инспекцияларын Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүү боюнча сунуштама берилген.
Белгилеп кетсек, коомдон бөлбөстөн жазаларды аткаруу функцияларын жарандык ведомствого өткөрүп берүү жана соттолгондорду кайра социалдаштырууда жаңы ыкмаларды колдонууну киргизүү өлкөдө жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформанын маанилүү баскычтарынын бири.