Казахстан Республикасынын Алматы шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы регионалдуу конференция өттү
Главная / События / Новости / Казахстан Республикасынын Алматы шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы регионалдуу конференция өттү
Казахстан Республикасынын Алматы шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы регионалдуу конференция өттү
Ушул жылдын 25–26-ноябрында Алматы шаарында «Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштө системалуу ыкма: агрессорлор үчүн коррекциялык программалар» темасында регионалдуу конференция болуп өттү.
Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышып, төмөнкү багыттар талкууланды:
• гендердик зомбулуктун себептери жана кесепеттери;
• агрессорлор менен иштөөдө колдонулуучу коррекциялык ыкмалар;
• балдарды калктандыруу жана зомбулуктан коргоо жолдору;
• Кыргызстан, Казахстан, Тажикстан жана Өзбекстандагы реформалар жана практикалык тажрыйбалар.
Пробация департаментинин директорунун орун басары Базарбаев Нурланбек Алтынбекович конференциянын алкагында «Агрессорлор менен иштөө: мыйзамдык базадагы жаңылыктар жана коррекциялык программаны ишке ашыруу тажрыйбасы» темасында доклад менен чыгып, Кыргыз Республикасынын ушул багыттагы иш тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.
Конференция Friedrich Ebert Stiftung жана ОБСЕнин Астана/Бишкек офистери тарабынан колдоого алынган.
Мындай форматтагы жолугушуулар катышуучуларга үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштө эффективдүү ыкмаларды үйрөнүүгө, өлкөлөр аралык тажрыйба алмашууга жана өз ара кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөт.




