Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга конкурс
Главная / Госсоцзаказ / 2024 год / Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга конкурс
Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу боюнча сынак кайрадан жарыяланды
Коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашырууга конкурс өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы пробация департаменти төмөнкү маалыматтарды билдирет:
Конкурстун темасы: пробациянын кардарларына жарандык секторду тартуу аркылуу психологиялык жардам көрсөтүү.
Конкурстун катышуучуларына карата талаптар:
1. Конкурстун катышуучулары пробация чөйрөсүндө, аткаруу бийлигинин жана пенитенциардык пробациянын кардарларын (чоңдор жана балдар) кайра социалдаштыруу жана реабилитациялоо жагында өз ишин жүзөгө ашырган коммерциялык эмес уюмдар (саясий партияларды кошпогондо), анын ичинде жеке консультация аркылуу психологиялык кызмат көрсөтүү жана сынактын жарыяланган темасы боюнча бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздары жок коммерциялык эмес уюмдар (саясий партиялардан тышкары) конкурстун катышуучулары боло алышат.
2. Конкурстун катышуучусу юридикалык жак катары катталууга жана өзүнүн банктык эсебине ээ болууга тийиш. Эгерде конкурстун катышуучусунун банктык эсеби жок болсо, ага конкурстук документтерди берген күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде банк эсебин ачууга мүмкүнчүлүк берилет.
3. Бир нече коммерциялык эмес уюмдар келишимдик негизде долбоордук топту (мындан ары - консорциум) түзө алышат жана конкурска катышуу үчүн жалпы арызды жана долбоордук сунушту бере алышат. Бул учурда арызда жана долбоордук сунушта уюмдар ортосундагы функциялар, бюджет, жоопкерчилик жана алардын ар биринин долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы ажыратылышы, ошондой эле коомдук пайдалуу долбоорлор конкурсунун катышуучусу катары консорциумдун атынан аракеттенүүчү консорциумдун мүчөсү аныкталышы керек.
4. Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсунун бир темасынын алкагында бир коммерциялык эмес уюм бир гана консорциумдун курамында катыша алат. Бир коммерциялык эмес уюм коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча конкурстун бир темасынын алкагында бир гана арыз бере алат.
Конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
1) коомдук-пайдалуу долбоорду ишке ашыруу конкурсуна катышуу жөнүндө арыз
2) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
3) юридикалык жактын уставынын көчүрмөсү;
4) уюмдун өткөн жылдагы (же конкурстун катышуучусунун каалоосу боюнча, мурунку бир нече жыл үчүн) Конкурстун темасына дал келген ишке ашырылган иши боюнча ишинин баяндамасы;
5)коомдук пайдалуу долбоордун аткаруучуларынын билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү жана резюмелери (коомдук пайдалуу долбоорду ишке ашыруу белгилүү квалификациясы бар кызматкерлерди тартууну талап кылган учурларда);
6) коомдук пайдалуу долбоорлор конкурсунун катышуучусунда карыздардын жана оорчулуктардын жоктугу жөнүндө катышуучунун арызы;
7) долбоордук сунуш жана анын бюджети.
Эскертүү: консорциум конкурсуна катышкан учурда жогоруда аталган консорциумдун бардык мүчөлөрүнүн 2-4 жана 6-пункттарында каралган документтер тиркелет.
Долбоорду ишке ашырууга гранттын максималдуу суммасы 2182393,1 млн. сомду түзөт.
Долбоорду аткаруучунун административдик чыгымдарынын максималдуу чеги гранттын жалпы суммасынын 25% ашпоого тийиш.
Конкурстун мөөнөтү:
Арыздарды кабыл алуунун башталышы: 2024-жылдын 20-сентябры саат 09:00.
Арыздарды кабыл алуу аяктайт: 2024-жылдын 18-октябры саат 17: 00гө чейин.
Конкурстун шарттарын түшүндүрүү боюнча маалымат жыйыны 2024-жылдын 31-июль саат 15:00дөн 17:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинде өткөрүлөт. Жолугушуу онлайн/оффлайн форматында өткөрүлөт. Маалымат жыйынынына катышуу үчүн төмөндөгү шилтемеге өтүңүз https://us06web.zoom.us/j/89211150502?pwd=RWsMdYt5v1sDrKaypHKvlF1ZCCItU2.1
Жооптуу адамдардын байланыш маалыматтары:
Тынчтыкбек Каттобекович Абышов, Тел: 0703000385.
Арыздарды жана документтерди жөнөтүү үчүн электрондук почта: info@probation.gov.kg
Бардык көрсөтүлгөн талаптар жана мөөнөттөр сакталган учурда гана конкурска катышууга болот.
Салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу арыз
Коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу конкурсуна катышуу жөнүндө арыз